Өлкөдө эпидемиологиялык абал улам начарлап жатканын Республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашова айтты.
Зарыл болгон учурда чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн.
Мамлекеттик органдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:
▪️супермаркеттерде, дарыканаларда эмдөө пункттарын ачуу
▪️118 кызматын күчөтүү, дарыгерлердин санын көбөйтүү, жалпы саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйбалуу медкызматкерлерди тартуу
▪️"Семетей" мейманканасында дарыгерлер үчүн обсервация жайларын даярдоо
▪️Бишкектеги вакцинация жүргүзүүчү жайлардын күн-түн дебей иштөөсүн камсыздоо
▪️дарылоо ыкмаларын үйрөтүү жана окутууну үзгүлтүксүз улантуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн