Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда статистикага кирбей коронавирус менен ооругандар канча экени аныкталат

24.07.2020 15:43
1182
Кыргызстанда статистикага кирбей коронавирус менен ооругандар канча экени аныкталат


Кыргызстанда коронавирус менен ооруп, бирок расмий статистикага кирбей калгандар канча адам экенин аныктоо иши башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик лабораторияларга кайрылгандардын иммуноферменттик анализинин жыйынтыгы чогултулуп, такталып, оору канчалык тараганы изилденет.

Акматова билдиргендей, азыр ооругандардын жалпы саны 30 миңдин тегерегинде. Бул өлкө калкынын 0,5 пайызын түзөт.

«Белгилери байкалбай ооруп жаткандар да бар экени баарыбызга белгилүү. Алар өзүн жакшы сезгендиктен медицина кызматкерлерине кайрылган жок. Калктын канчасы ооруду же ооруп, антителолор иштелип чыкканын билиш үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен бирге ошондой изилдөөлөр жүргүзүлө баштады», - деди Акматова.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. Бирок министрликтин расмий статистикасына, адатта, ооруканага жаткырылгандар гана кирет.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 24-июлга карата бул инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн