Табияттын өзгөрбөгөн мыйзамы – кеч кирет, кайра таң атат. Адамзатынын жашоосунда да кайгы жана кубаныч эриш-аркак жүрөт. Оор түйшүк, санаага батуу, кайгыга малынуу, азап-тозок тартуулардын артында сөзсүз кубануу, ийгиликтерге жетүү, бакытка балкуу турат. Андыктан кайгыга батып, санаадан эзилип турганда үмүттүн шооласын биротоло үзүп койбоо маанилүү.
Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери карай эле балчыкка оонап алып, тура албай жаткан жаш баланын образында болуп келет. Ооба, ырас бир кезекте жалындап турган зор үмүттүн оту бүлбүлдөп калды. Кыргыз жери кен байлыктарга бай, кереметтүү жерлери, суунун башында турганы менен өзгөчөлөнүп турса дагы, өлкө экономикасы улам өмгөктөнгөндөн өмгөктөп барат. Кен байлыктарыбызды да, сууну да өзүбүз үчүн пайдалуу колдоно албай турабыз.
Отуз жылдан бери элибизди тентибей тургандай жумушчу орундарын түзө албадык. Өзүбүз бир өтүк чыгарган фабрика курбадык. Кийген кийимдерибиздин баарын Кытайдан, Түркиядан, Кореядан, АКШдан сатып алып жатабыз. Болбосо, бут кийимден баш кийимге чейин бардыгын өзүбүз өндүрүп, өзүбүз кайра пайдалана ала тургандай мүмкүнчүлүгүбүз бар эле.
Жерибиз кенен, төрт түлүк малыбыз толо. Бирок, дагы деле унду, сүт азыктарын чет мамлекеттерден алып жейбиз. Иштелбей жаткан жерлерди иштетсек, ал жакка каналдарды куруп, суу тартып барсак болот эле. Буудай, арпа эгиндерин өзүбүз жеткиликтүү айдасак болмок. Өзүбүздүн элди эт-сүт азыктары менен 100% өзүбүз камсыздоого да мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Аны да жасай албай келебиз.
Маданиятыбыз, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары аянычтуу абалга келди. Алган айлыктары айдан айга жетпейт. Ырааттуулук жок, башаламандык.
Өлкөбүздө кайра-кайра революция боло берип, бийлик да «ойноок колдой» болуп калды. Жаңы эле келген бийликти «Эми булар кайсыл өлкөгө качат болду экен?» деп тамашага сала турган болдук. Чет мамлекеттердин көзүнө жапайы болуп көрүнө баштадык. Жумушсуздук каптаган, жакыр жашаган мамлекеттин адамдарын оңой эле башкарып алса боло турганын түрдүү бейөкмөт уюмдардын жасап жаткан иш-аракеттеринен көрүп жатабыз. Мамлекет жумуш таап бербесе, айла жок эл аралык уюмдардын акчасына иштеп, көпчүлүк учурларда Кыргызстандын кызыкчылыгына да каршы чыга алышаарын көрсөтүп келатышат.
Мамлекеттин ырыскысын уурдаган коррупционерлерди да коргоп чыга баштадык. Себеби, мамлекет эч нерсе бербесе, ал коррупционерлер берип жатпайбы? Бергенде да өзүбүздөн уурдагандарынан гана «тамчылатып» берип жатканын билип эле турабыз. Ошол акчаларды мамлекет өзү эч кимге уурдатпай, өз элинин камкордугун көрүү үчүн сактай алса, мындай болобойт эле.
Тарбиялык мааниси бар адабий чыгармаларды окубайбыз, коюлган драмаларды көрбөйбүз, андан көрө көчүк-башты кыймылдатып койгон кыска-кыска тик-токторду көрүп калдык. Социалдык түйүндөрдөгү постторду окусаң, акылсыз эч ким жок. Баары акылдуу, баары билимдүү, баары патриот. Бирок, жалпы акыбалыбыз өзүбүз көрүп тургандай.
Балким, ушул көрүнүштөрдүн баары 30 жылдан бери «түн» болуп турган Кыргызстанга таң атаар маалдын келип калганын кабарлап турган жокпу? Баарынан тажап, баары кызыксыз болуп калган абалга келгенибизди жашыра албайбыз. Демек, буюрса жакында өлкөбүздө таң атат. Баалуулуктар өзгөрөт. Ооз менен орок ормой токтоп, мурдагыдай шаңдуу дух менен айдоо талааларын иштетип, өндүрүшүбүздү жандатабыз. Сөзгө маани берип, тандап сүйлөп калабыз. Улууга урмат кылганды, кичүүнү ызааттаганды кайтарабыз. Ууруну ууру деп атап, иштебей эле мактана бергендерди мактанчаак дейбиз. Өщүбүздү же өзүбүдүн айланабыздагыларды эле мактай бербей, чындыгында татыктууларды мактаганга өтөбүз. Эмгекти сүйөбүз, маданияттуулукту, билимдүүлөрдү, салмактууларды баалайбыз. Таң атаарына аз эле калды деп ишенип туралы.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (1)