Өлкөдө өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу таравих намазы үйдөн окулат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев видео кайрылуу жасады.
Ал өз кайрылусунда, элди сабырдуулукка, тартиптүүлүккө чакырып, карантин эрежелерин бузбоо үчүн намазды үйдөн окуп, орозону үйдө кармоо керектигин эскертти.
Мындан сырткары, абал турукташканга чейин ооз ачар убактысында ифтарды үйдөн кылуу керектигин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн