Бугу 23, 2025
Убакыт: 19:37
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Кыргызстанда төрт айда 30 млрд сомдук товар кайра иштетилди

Кыргызстанда төрт айда 30 млрд сомдук товар кайра иштетилди


Кыргызстанда төрт айда кайра иштетүү тармагы 30 млрд сомдук товар өндүрүп, өсүш 163,5 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-апрелинде бул көрсөткүч 23 млрд 496,8 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси – 118,1 % болгон. Натыйжада 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрүнүн олуттуу өсүшү белгиленди.


Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчёттук мезгилде 19,6 % ды түздү.


Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын системдүү түрдө өнүктүрүүнү колго алды.


Бул багытта министрлик заманбап технологияларды киргизүү, кайра иштетүү ишканаларын модернизациялоо жана жаңы өндүрүш объектилерин ачуу аркылуу продукциянын кошумча наркын жогорулатууга, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга басым жасап келет.


Мындан тышкары, фермерлерди колдоо, логистика жана инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу айыл чарба өндүрүмүн үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында бир катар финансылык программалар ишке ашырылууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн