Кулжа 29, 2024
Убакыт: 07:57
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

15.05.2020 09:05
1052
Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт


Бүгүн, 15-майдан 17-майга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.


Бүгүн, 15-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, Ысык-Көл облусунун, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымалы. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 


2020-жылдын 15-майынан 17-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.


Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл, деп эскертет ӨКМ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн