Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда үч шаарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иши аягына чыгууда

06.09.2020 15:53
1090
Кыргызстанда үч шаарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иши аягына чыгууда


Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү шаары жана Жалал-Абад облусунун Кербен шаарларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер аягына чыгууда. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов билдирди.

Анын айтымында, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Евро биримдиги жана Швейцариянын колдоосу менен 192 млн еврону түзгөн долбоор өлкөнүн 20 шаарында ишке ашып жатат.

"Ошондой эле 2019-жылы 6 шаарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор аяктаган. Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Кант шаарлары. 2019-жылы 38 айылга ичүүчү суу киргизилген", - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн