Бугу 23, 2025
Убакыт: 04:40
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Кыргызстанда үч суткада коронавирустан төрт жаран ооруканага жаткырылды

Кыргызстанда үч суткада коронавирустан төрт жаран ооруканага жаткырылды


4-6-июлда Кыргызстанда COVID-19дун 30 учуру катталып, төрт адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы учурлар Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында аныкталган.

"Алардын ичинде жаш курагы боюнча: 7-17 жаш - 3 учур (10%), 18-29 жаш - 8 (26,6%), 30-64 жаш - 15 (50%), 65 жаштан жогору - 4 учур (13,4%).

30 учурдун ичинен 5 учуру Корея, Пакистан, АКШдан келгендердин аныкталса, калган 18 адам оорунун белгилери пайда болгонуна байланыштуу кайрылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2 адамда ооруга чалдыккандар менен байланышкандар катары, ал эми 4 адам учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу учурунда аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн