Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:21
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда ун менен буудайды экспорттоого тыюу салынды

25.09.2023 10:07
673
Кыргызстанда ун менен буудайды экспорттоого тыюу салынды


Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтом кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.


Буудай унун жана буудай данын экспорттоого алты айга тыюу салынды. Мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.


Документ 22-сентябрда кабыл алынып, расмий жарыялангандан үч күндөн кийин, башкача айтканда, бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн