Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:05
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстанда унааларга милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотуу сунушталды

25.12.2023 09:21
232
Кыргызстанда унааларга милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотуу сунушталды


Кыргызстанга автоунааларга милдеттүү түрдө видеокамера орнотуу сунушталды. Мыйзам долбоорду ИИМ сунуштап, ал Жогорку Кеңештин сайтынажарыяланды.


"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.


Анда министрлер кабинети тарабынан аныкталган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрүн кошпогондо бардык автоунааларда жазуучу прибор (видеокаттоо) болушу керектиги белгиленген.


Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери, бул автоээлерине видеокаттагычты өз чөнтөгүнөн сатып алууга мүмкүндүк берери белгиленген. Эрежеге баш ийбегендер айыпка жыгылат.


ИИМдин негиздемесинде бул жол эрежелерин бузууну жана кырсыктарды алдын алуунун чарасы экени белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн