Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууну каалагандардын саны өсүүдө

06.07.2023 14:37
327
Кыргызстанда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууну каалагандардын саны өсүүдө


Үй тибиндеги бала бакчаларды ачууну каалагандардан миңден ашык арыз түшкөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жумушчу топ «Мамлекеттик акселераторлор» программасынын «Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарды.


«Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Ленин райондорундагы жаңы конуштардагы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки тарбиялоону эки эсеге, башкача айтканда 1577ден 3154кө чейин көбөйтүү максаты коюлган», - деп айтылат маалыматта.


10-майда монтаждоо курсунда окуу башталып, миңден ашык арыз келип түшкөн, анын 779у Бишкек шаарында. 750 катышуучу окуудан өткөн. 553 адам күбөлүк алып, 237 адам жеке ишкер катары каттоодон өтүп, үй тибиндеги бала бакчалардын иштөөсүнө шарт түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн