Кыргызстанда коронавирус илдети 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган, анын ичинен бир жашка чейинкилер 5 наристе. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда онлайн брифингде айтылды.
Маалым болгондой, бардык балдар ооруканага жаткырылган, көпчүлүгүнүн абалы учурда
канааттандыраарлык жана симптомдору жок - жеңил жана орточо оор абалда.
Бүгүнкү күнгө карата 59 бала үйүнө чыгарылды.
Ал эми COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын жалпы саны 3 139 болду.
Кыргызстан боюнча обсервацияда 874 адам жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн