Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:26
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстанда вирустун экинчи толкуну жүрүшү ыктымалдыгы айтылды

28.05.2020 09:29
1567
Кыргызстанда вирустун экинчи толкуну жүрүшү ыктымалдыгы айтылды

 

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкка инфекциянын жайылуусунун экинчи толкуну жүрүшү ыктымал экендиги тууралуу маалымат берилүүдө жана анын алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен видеоконференция режиминде жолугушуу учурунда билдирди.

 

Амгаабазар билдиргендей, COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

 

Дүйнөлүк банк акыркы 25 жыл ичинде республикада бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда. Билим берүү тармагындагы наркы 50 млн АКШ доллары суммасындагы жаңы долбоорду өзгөчө белгилесе болот”, - деп билдирди Болормаа Амгаабазар. 

 

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү гепатиттен жабыркагандар үчүн дары-дармектерди сатып алуу маселесин жумушчу тартипте иштеп чыгуу зарыл экендигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн