Бугу 23, 2025
Убакыт: 01:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Кыргызстанда январь-ноябрь айларында азык-түлүк 11%га кымбаттады

13.12.2021 10:55
933
Кыргызстанда январь-ноябрь айларында азык-түлүк 11%га кымбаттады

Кыргызстанда январь-ноябрь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу инфляция 9,7%га көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.




Азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 11%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа 10,8%га, азык-түлүк эмес товарлар 10%га, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүлөр 5,1%га кымбаттады.


Январь-ноябрь айларында керектөө бааларынын жана тейлөөнүн жогорулашы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында белгиленген. Мында инфляциянын максималдуу деңгээли Жалал-Абад облусунда катталып 13,8%га жетип, азык-түлүк эмес товарларга баалар 19%га чейин өскөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн