Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда жакырчылык укумдан-тукумга берилип келет

07.09.2021 09:47
1925
Кыргызстанда жакырчылык укумдан-тукумга берилип келет

Жакырчылык менен күрөшүү-улуттук приоритет


Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнүн ичинде бийлик шайлоо менен өзгөргөн жок, бийлик “сарай” жана “көчө” төңкөрүштөрү менен алмашып келет. Алсыз жана бөлүнүп-жарылган коом бийлик менен мамиле кура албайт, алдамчылыкка жеңил берилет… Бир дагы маселе чечиле элек – билим, саламаттык сактоо тармактары, пенсия, улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, жумушсуздук. Жакырчылык укумдан-тукумга өтүп келет. Бирок 30 жыл дагы жыйынтыксыз өткөн жок, атүгүл эң консервативдүү топтор, ишкерлер жана пенсионерлер саясат менен жакырчылыктын өсүшүнүн ортосундагы байланышты көрүп жатышат. Демек, биздин биринчи жана эң чоң үмүтүбүз – таза шайлоону өткөрүүнү үйрөнүү, бийликти шайлоо аркылуу алмаштыруу, аң-сезимдүү түрдө тандоо жана кийинки беш жылга биздин тандоону кабыл алуу. Жакырчылык менен күрөшүүгө даяр саясатчыларды бийликке шайлоо жана алдыга сүрөө.


Жарандардын, саясатчылардын жана жарандык коомдун жаңы мууну келди. 90-жылдардагы демократиялашуу толкунунда саясатка кирген муун активдүү саясаттан табигый жол менен сүрүлүп калууда – же чарчап, же кайра-кайра бийликтен оппозицияга, анан кайра бийликке ооп жүрүп чаташып бүтүшөт.


Социалдык түйүндөрдөгү жалаң лайктардан жана репосттордон марштарга жана нааразылык акцияларына өтүп, кризиске каршы программаларды көтөрүп, партияларды түзүп, шайлоолорго катышып, жеңишке жетип, жогорку саясий кызматка умтулган жаңы муундагы кыргыз жарандарынын кантип өсүп келе жатканын көрүп жатабыз. Жаңы муун баалуулуктар менен эркиндиктердин баркын түшүнүп, алсыздарды коргоп өсүүдө. Бул жерде бизде экинчи, эң чоң үмүт – жалпы элдик консенсус, светтик жана демократиялык Кыргызстаныбыздын келечегин көрүү турат.


Бүткүл дүйнө менен өнүгүү жолуна кайтуу бизди үчүнчү жана эң чоң үмүткө – кеңири демократиялык коалицияга алып келет. Бардыгын жана ар бирин кызыктырган эки негизги саясий милдет – бул акыйкат сот жана сапаттуу мамлекеттик башкаруу. Алар компакттуу өкмөт жана “элдик” өзүн-өзү башкаруу тарабынан акимдерди жана мэрлерди түз шайлоо аркылуу ишке ашырылат. Бул эки милдетти чечүү бизге коррупцияны ооздуктоого, бизнести жандандырууга, бюджетти толтурууга, пенсиянын, мектептердин жана ооруканалардын абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.


Тышкы саясий кризистин чынжыры бул чынжырдын башталышы Кыргызстандын өзүндө экенин таасын көрсөтүп турат. Биздин тышкы саясаттагы катачылыктар жана көйгөйлөр коомдун ичинен келип чыгат. Ири жана өсүп жаткан тышкы карыз, жакынкы жана алыскы коңшулар менен болгон мамиленин бузулушу. Демек, маанилүү жыйынтык – улуттук кызыкчылыктын приоритетине кайтуу.


Биздин тарых сабырдуулукка үйрөтөт жана шарттар биригүүгө карай түртөт. Мына ушундай жол менен биз жакырчылыкты жеңебиз.


Равшан Джеенбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн