Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда жалпы 87,6 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда жалпы 87,6 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны жалпы 87 миң 645 адам алды, анын ичинен 44 миң 979уна экинчи доза сайылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.


Анын айтымында, россиялык вакцинаны 17 миң 377 адам алса, анын экинчи дозасы 8 миң 716 кишиге сайылды.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн