Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанда жалпысынан 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө

07.08.2024 13:06
504
Кыргызстанда жалпысынан 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө


Кыргызстанда жалпысынан 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Балыкчы шаарында жана Ноокен районундагы Масы айылында жаңы калкты тейлөө борборлору ишке берилди. Ал эми Кара-Балта, Каракол жана Талас шаарларында да жаңы калкты тейлөө борборлорун ишке киргизүү пландалууда. 

“Калкты тейлөө борборлорундагы узакка созулган кезектерди жоюу максатында “Түндүк” тиркемесин колдонуу менен электрондук кезек системасын киргиздик. Жаңы система аркылуу “Түндүктүн” колдонуучулары өздөрүнө ыңгайлуу болгон убакытта, республика боюнча каалаган калкты тейлөө борборуна онлайн режиминде өздөрүнүн мобилдик телефондорун колдонуу менен кезекти алуусуна мүмкүндүк берет. Бул электрондук кезек системасы кезектерди жокко чыгарып, жарандардын убактысын үнөмдөйт”, - деп белгиледи санариптик өнүктүрүү министри. 

Ошондой эле Нурия Кутнаева кошумчалагандай, өлкө боюнча 6 айдын ичинде оффлайн режимде 727 миң, ал эми аралыктан 1 миллиондон ашык электрондук кол тамга берилген. Алардын ичинен онлайн режими менен 2023-жылдын сентябрынан тартып 1,5 млн кол тамга ыйгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн