Учтун айы 23, 2025
Убакыт: 05:53
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" тукумундагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө

21.01.2025 11:16
84
Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" тукумундагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө


Өлкөдө кыргыз эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кой чарба тармагындагы селекциялык жетишкендигине укуктук статус берүү максатында министрликтин адистери Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институттунун окумуштуулары менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорун сыноодон өткөрүү боюнча комиссия республиканын түштүк облустарында жүрөт.

Комиссиянын курамы ар бир фермердик чарбадагы койлорду сыноодон өткөрүп, жаңы кыргыз эт-май багытындагы "Ала-Тоо" породасындагы койлорунун башка породалардан өзгөчөлүктөрүнө баа берилип, министрликке караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институттунун окумуштуулар кеңешинин кароосуна киргизилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн