Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда жаңы шайланган президент 5 миң сом айлык менен иштеши керекпи?

18.01.2021 12:50
1051
Кыргызстанда жаңы шайланган президент 5 миң сом айлык менен иштеши керекпи?


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграмм каналы аркылуу депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын жашоо минимумунун деңгээлине чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатканын билдирди. «Мен депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын жашоо минимумунун деңгээлине чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледим. Жашоо минимуму кийингенге, тамак жегенге жана салык төлөгөнгө жетет деп эсептешет. Бул болгону беш миң сом. Мен түшүнөм, алар муну популизм дейт, бирок эгерде өкмөт баарына минималды белгилесе, анда ошого жараша бюджетти түзүүгө жооптуу жетекчилер да бирдей айлык алышы керек», - дейт ал. 


Дароо эле айтып коелу, Дастан мырза өзү айтып жаткандай, чындыгында эле бул популизм. Балким, ал чиновниктер деле эл катары жашашы керек дегенди айткысы келип жатса керек. Эгерде анын демилгеси ушул максатта болгон болсо, анда алардын айлыгын жашоо минимумуна чейин кыскартуу эмес, тескерисинче мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлык акыларын жок дегенде 50%ка көбөйтүп, анан алардын айлык акылары менен чиновниктердин айлык акыларын теңдөө керек десе жарашмак. Ошондо балким популимзден алыс болуп, реалдуулукка жакындамак. 

Экинчиден, эгерде чиновниктер 5 миң сом айлык акы ала турган болсо, анда алар таза иштеп берет дегенге кепилдик болобу? Жеке үй-бүлө мүчөлөрүнүн курсагын тыңыраак тойгуза албай жатса (5 миң сом менен кантип үй-бүлөсүн багат?), анан өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү, элдин бакубат жашоого жетишүүсүн ойлоно алабы? 


Ошол эле убакта 5 миң сом айлык акы алган чиновник коррупцияны азыркыдан да гүлдөтүүгө жол ачып бербейби? 5 миң сом айлык алган Президент, Премьер-министр, депутаттар коррупцияга каршы күрөштү колдойбу же тескерисинче көз жума турган болушабы? 


Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында жалаң айлык акы менен жашагандары да жок эмес. Ырас, көпчүлүгүнүн бизнестери бар. Алар үчүн айлык акы мааниге деле ээ эмес. Ал эми бизнеси жок депутаттар кантип 5 миң сом менен эл камын ойлойт? 


Албетте, чиновниктер үчүн ашыкча чыгашаларды кыскартууга мүмкүн. Балким, ансыз да 50-60 миң сом айлык алган депутаттарга дагы башка жеңилдиктерди (бензин, уюлдук телефон байланыштары үчүн каражат жана башка) алып салыш керек. Балким, Президент, Премьер-министр, Жогорку Кеңеш төрагасынын жеке коопсуздугу, аларга көрүлүүчү камкордуктар үчүн чыгымдарды 2-3 эсеге кыскартса болот. Ошондо балким реалдуу демилге болмок. Ал эми Дастан мырзанын демилгеси түптүз эле коррупцияны ажыдаарга айлантуучу демилге болуп жатпайбы?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн