Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди

01.01.2024 14:57
364
Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди


Кыргызстанда жаңы жыл түнү 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 143 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн.

"Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө биринчи болуп төрөлгөндөр (00:00) – 3,520 кг салмактагы кыз, бою 49 см. Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборунда - 4,050 кг салмактагы кыз, бою – 59 см. Чүй районунун Кемин ЖДПБДА – 3,015 кг салмактагы эркек бала, бою – 51 см. Жалал-Абад бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө – 3,650 кг салмактагы кыз, бою – 52 см", — деп айтылат маалыматта.

Эң көп төрөт Ош шаарында жана Ош облусунда болгон – 88 төрөт, Жалал - Абад облусунда 57 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкекте 52 ымыркай төрөлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн