Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 15:08
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Кыргызстанда 350 миңден ашуун үй-бүлө жардамга муктаж (видео)

16.04.2020 16:22
1081
Кыргызстанда 350 миңден ашуун үй-бүлө жардамга муктаж (видео)


Кыргызстанда аз камсыз болгон 359 703 үй-бүлө бар. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жыйында айтты.


Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Өкмөт тарабынан, коомдук уюмдар жана кайрымдуулук фонддор тарабынан берилген каражаттар менен азык-түлүктөр берилүүдө.


“Азык-түлүк жардамын Бишкекте 13 217 үй-бүлө алды, ошондой эле башка каналдар аркылуу 20 888 үй-бүлө жардам алды, Ошто – 7 235, Чүй облусунда – 29 153, Ош облусунда – 38 405, Баткен облусунда – 7654, Жалал-Абад облусунда – 25 397, Нарын облусунда – 5249, Талас облусунда – 6623, Ысык-Көл облусунда – 16 195 адам алышты”, - деди Жаманкулов.


Ал эми тизмекте тургандардын саны төмөнкүдөй:


“Бишкек шаарында 49 047;

Ош шаарында 27 778;

Чүй облусунда - 52 021;

Ош облусунда - 54 194;

Баткен облусунда - 26 641;

Жалал-Абад облусунда - 66 020;

Нарын облусунда - 23 966;

Талас облусунда - 15 068;

Ысык-Көл облусунда 44 968.

 

Калган үй-бүлөлөргө жардам таратуу уланып жатканы айтылды.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн