Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:18
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстанда жарым жылда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду

31.07.2024 12:53
955
Кыргызстанда жарым жылда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду


Кыргызстанда 6 айда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.


Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп.


“2024-жылдын январь-июнь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 58 млрд 100 млн сом болору белгиленген. 6 айда Мамлекеттик бажы кызматы 59 млрд 619,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады. Муну менен болжолдуу көрсөткүч 102,6%га аткарылып, 1 млрд 519,2 млн сомго көп чогултулду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млрд 822,3 млн сомго көп чогултулду же өсүү темпи 122,2%ды түздү”, - деди Самат Исабеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн