Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү

15.01.2024 14:35
174
Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү


2023-жылы өлкө боюнча жашоо минимуму орто эсеп менен 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га өскөн.

“Жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8 миң 579 сом, пенсия курагындагыларга 6 миң 816 сом, балдар үчүн 6 миң 544 сом деп эсептелди”, - деп маалымдады ал.

Керималиева кошумчалагандай, 2023-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда катталып, 7 миң 931 сомду түзсө, ал эми эң төмөнкү көрсөткүчү Талас облусунда катталып, 7 миң 130 сом болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн