Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди

14.02.2024 12:34
418
Кыргызстанда жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди


Кыргызстанда "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти

Ыктыярдуу легалдаштыруу процедурасынан кантип өтүү керек:
- белгиленген мамлекеттик алымды төлөө;
- эгерде активдердин наркы 100 млн сомдон ашса, республикалык бюджетке 1 млн сом өлчөмүндө декларациялык төлөм төлөө керек.
- атайын декларация алуу үчүн мамлекеттик нотариуска (өлкөдөн тышкары консулдук мекемелерге, элчиликтерге) кайрылуу керек;
- атайын декларациянын белгиленген формасын (бланкты)толтуруу;
- атайын декларацияны мамлекеттик нотариустун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүү (өлкөдөн тышкары болсо, анда консулдук мекемелерде, элчиликтерде).
Атайын декларация жалгыз нускада толтурулат жана декларантта (атайын декларацияны толтурган жакта) калат

Декларация бир нускада толтурулат жана сизде гана сакталат!

Мамлекеттик кепилдиктер:
- салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөстөн колдо болгон активдерди легалдаштыруу;
- мурда салык жана бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон коргоо;
- салык мыйзамдарын бузгандыгы, катталбаган ишти жүргүзгөндүгү үчүн жазык, администрациялык жоопкерчиликтен бошотуу;
- ыктыярдуу декларациялануучу активдердин жана ыктыярдуу легалдаштыруу процессине катышкан жактардын кол тийбестиги;
- активдерди ыктыярдуу декларациялоонун сыры (ыктыярдуу легалдаштыруудан өткөн адамдын).

Ведомстводон бирок мыйзам изделип жаткан адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелерине жана санкциялык тизмелерине киргизилген адамдарга, жеке инсанга жана жеке менчикке каршы кылмыш жасаган адамдарга жайылтылбай тургандыгын кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн