Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда

17.09.2024 17:22
175
Кыргызстанда жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда


Өлкөдө жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалууда. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.


Анын айтымында, бул китептердин ордуна кадастрдык планды киргизүү мерчемделүүдө.


"Кызыл жана жашыл китептердин ордуна кадастрдык план берүү пландалууда. Айырмасы эмнеде", — деп сурады депутат Кубанычбек Самаков.


Сатыбалдиев кадастр планында QR-коду болуп, жер тилке тууралуу бардык маалыматты камтый турганын айтты.


"Ошол QR-коду менен жердин аянтын, түрүн, категориясын жана башка маалыматтарды көрсө болот. Учурда кызыл китептерди жасалмалашууда. Коррупциялык көрүнүштөр кездешүүдө, анын үстүнө андай китептерди даярдоодо чыгым көп болууда. Ошондуктан кадастрдык план киргизип, кызыл жана жашыл китептерди жоюуну пландап жатабыз", — деди Сатыбалдиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн