Соттун чечиминин негизинде жети энергокомпаниянын электр энергиясын сатуу жана бөлүштүрүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна лицензиясын токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.
Төмөнкү компаниялардын лицензиялары жокко чыгарылды:
- «Энергоспецсервис» ЖЧКсы;
- «ААА-Электро» ЖЧКсы;
- “Мамбеталиева С.Ш.” ЖКсы;
- «Нурэлектросетстрой» ЖЧКсы;
- «УЗАН УСТА» ЖЧКсы;
- «Кайыңды кабель заводу» ААКсы;
- «ГРАНД ИНТЕР ТРЕЙД» ЖЧКсы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн