Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 14:14
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Кыргызстанда жыл аягына чейин 4 жаңы көмөкчордон курулат

10.10.2024 12:05
21
Кыргызстанда жыл аягына чейин 4 жаңы көмөкчордон курулат


Быйыл керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында республика боюнча 6 жаңы көмөкчордон курулууда.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришкендей, анын ичинен Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ «Дейрес» жана Ысык-Көл облусундагы 110/10 кВ "Чырпыкты" эки көмөк чордондору пайдаланууга берилди.

Калган төмөнкү энергетикалык объектилер жыл аягына чейин аяктайт:

  • Бишкек шаарындагы 110/10 кВ "Ак-Кула" көмөк чордону;
  • Бишкек шаарындагы 110/10 кВ "Орто-Сай" көмөк чордону;
  • Ош облусундагы 110/10 кВ "Булолу" көмөк чордону;
  • Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ "С. Дүйшеев" көмөк чордону.

Курулушту каржылоо компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн