Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу тууралуу билдирген жарандарга сый акы берүү сунушталды

31.01.2024 11:07
139
Кыргызстанда жол эрежесин бузуу тууралуу билдирген жарандарга сый акы берүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарга финансылык жактан дем берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мыйзам долбоорунда жол-транспорт бузуулары жасалган жерлерден фото, видео материалдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү аркылуу укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарды материалдык жактан сыйлоо сунушталат.

Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулу төлөнгөн учурда ар бир төлөнгөн айып пулдун суммасынан жеке жактарга 25%, ал эми юридикалык жактарга 50% төлөө каралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн