Covid-19
пандемиясына каршы күрөшүү максатында жергиликтүү “Steelex” компаниясынын
цехинде автоунаалар жана жөө жүргөндөр үчүн алгачкы эки автоматташтырылган
дезифекциялоо тоннели өндүрүлдү. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Жоодар Сайдилканов өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Анын айтмында, бул жабдык Бишкектеги Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча
улуттук штабга акысыз тапшырылат.
“Ошондой эле адамдарды контаксыз түрдө тестен (анализ Covid-19) өткөрүү үчүн
кабиналарды да өндүрө баштаганы турабыз. Бул күтүүсүз пандемиянын чакырыктарына
дароо жооп бергендери үчүн жергиликтүү өндүрүшчү агам жана иним Сырттан
Сайдилканов менен Расул
Сайдилкановко ыраазычылык билдирем”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн