Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди

26.08.2020 13:26
1048
Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди

Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жума намаздарын мечитте окууга келгендер сактык чараларын бекем сактоого тийиш.

Алар;

- күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;

- мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

- мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл;

- жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

- даарат жана сүннөт намаздарды үйдөн окулушу керек;

- жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

- мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

- жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;

- ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн