Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда жумушка орношуу боюнча ишеним телефону иштей баштады

04.06.2024 11:20
243
Кыргызстанда жумушка орношуу боюнча ишеним телефону иштей баштады


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумушка орношуу маселелери боюнча 1899 ыкчам түрдө кызмат көрсөтүүчү "Ишеним телефонун" ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгилей кетсек, аталган номер боюнча облус, район же шаар боюнча эмгек рыногундагы бош жумуш орундар жөнүндө кеңеш алууга болот. Ошондой эле тажрыйбалуу адистер сизге кесиптик билимди же квалификацияны кайдан алууга болорун айтып беришет.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, көбүнчө айдоочу, тигүүчү, курулуш адистиктерине, ашпозчу, эсепчи болуп жумушка орношууну суранышкан. Ар бир үчүнчү чалуучунун кесиби жок болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн