Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары кайсы бекет аркылуу Казакстанга өтө алат?

08.01.2022 17:37
1419
Кыргызстанда жүргөн казак жарандары кайсы бекет аркылуу Казакстанга өтө алат?

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин ишине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу билдирет.


8-январь саат 11:30га карата төмөнкү өткөрүү бекеттер иштөөдө:


"Чалдыбар" (Кыргызстан) - "Сыпатай Батыр" (Казакстан) чектөөлөр менен:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;


- Казакстанда жүргөн кыргызстандыктар “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу келе алышат;


- Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;


- жүк ташуучу унаалар “Чалдыбар” өткөрүү бекетинен Казакстандын аймагына чектөөсүз өтөт.


“Ак-Жол” (Кыргызстан) – “Кордай” (Казакстан) чектөөлөр менен:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;


- Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;


- Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;


- Жарандар бир гана жөө өтө алат.


“Ак-Тилек” (Кыргызстан) – “Карасу-унаа” (Казакстан) чектөөлөр менен:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;


- жүк ташучу унаалардын айдоочулары - Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстандын аймагына кире алышат;


- жүк ташуучу унаалардын айдоочулары - Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандары Казакстандан Кыргызстанга кете алышат;


- Казакстанда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Казакстандан “Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;


- Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары Кыргызстандан “Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат.


Талас районундагы “Чоң-Капка” (Кыргызстан) – “Айша-Биби” (Казакстан) чектөөлөр менен:

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;


- Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуучу унаалар гана өтө алат;


- Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары Казакстандан “Чоң-Капка” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;


- Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чоң-Капка” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат.


2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү бекеттеринде адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган жок.


УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү бекеттеринин ишиндеги бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип турат.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн