Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда жүздөгөн дары-дармектин түрү жетишсиз болууда

08.07.2022 11:58
378
Кыргызстанда жүздөгөн дары-дармектин түрү жетишсиз болууда


Кыргызстанда 400дөй дары-дармектин түрү жетишсиз. Бул тууралуу Кыргызстандын фармацевтика бирикмесинин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.


Асановдун айтымында, бул акыркы анализ жүргүзүлгөндөн кийин маалым болгон. Өндүрүүчүлөргө каттоодон өтүү жөн эле кирешелүү эмес, анткени рынок өтө кичинекей жана алар кайра каттоону токтотушкан. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасында каттоо узак жана түйшүктүү процесс. Андыктан, Фармацевтика биримдигинин төрагасы министрлер кабинетинин каттоосуз ташылып келүүчү дарылардын тизмесин кеңейтүү чечимин колдойт.


"Биз бул дарыларды импорттой албайбыз. Бирок суроо-талап болсо, дайыма сунуш бар. Ошондуктан айланма жол менен ташылат же кимдир бирөөлөргө буйрутма беришет. Же жеке колдонуу үчүн алып келишет. Мыйзамдуу импорт болсо, биз бул маселени чече алмакпыз», - деп белгиледи Асанов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн