Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аэропорттордо жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлөт

04.06.2020 09:18
903
Аэропорттордо жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлөт

Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда бардык учуп келген жүргүнчүлөр жана жүктөрү милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт.


Республикалык штабдан маалымдашкандай, бардык учуп келген жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү жана термометрикалык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн тепловизиондук камералар пайдаланылат.


Эрежеге ылайык, аэробекеттин ичине кирерде сөзсүз түрдө медициналык беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды колдонуу керек. 


Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткырылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн