Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстандагы банктарда канча АКШ доллары бар экени айтылды

31.01.2023 13:35
367
Кыргызстандагы банктарда канча АКШ доллары бар экени айтылды

Кыргызстандын банк тутумунда $600 млн бар, анын 40%ы накталай. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.


Анын айтымында, мындан мурда накталай доллардын жетишсиздиги байкалган, бул негизги соода өнөктөштөргө санкция салууга байланыштуу. “Ошентип, 2022-жылдын жаз айына чейин коммерциялык банктар тарабынан түзүлгөн камсыздоо каналдары үзгүлтүккө учурады. Коммерциялык банктарга жеткирүүнүн жаңы каналдарын түзүү үчүн бир аз убакыт талап кылынды”, - деп түшүндүрдү ал

Карабаева белгилегендей, 13-январдан тарта министрлер кабинети 10 миңден ашуун долларды КР резиденттери үчүн, ал эми резидент эместер үчүн $5 000 өлкөдөн тышкары алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды. Эгерде резидент же резидент эмес белгиленген чектен ашкан сумманы алып кетүүнү кааласа, ал 10% алым төлөшү керек.

“Бүгүнкү күндө КР Улуттук банкы валюта рыногуна мониторинг жүргүзүп, коммерциялык банкттардын, банктык эмес уюмдарды, атап айтканда, акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп жатат. Эгерде сиз чет элдик валютаны сатуудан баш тартып жаткандыгы же валюталарды таблодон айырмаланган курс боюнча сатуу фактысына туш болсоңуз, анда Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын 0312 61 04 86 жана WhatsApp каналы 0551 89 0000 номери аркылуу билдирсеңиз болот. Факты тастыкталса, чара көрүлөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн