Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди Венгриялык компания долбоорлойт

19.07.2022 12:15
452
Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди Венгриялык компания долбоорлойт


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча «A-Hid» венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «A-Hid» компаниясы (Венгрия Республикасы) ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Макулдашуунун алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенмекчи.

Маалымат үчүн: «A-Hid» компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Анын уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт.

2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн