Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандагы ички каттамдар үчүн 3 жаңы самолет сатып алынат

21.05.2020 16:36
1394
Кыргызстандагы ички каттамдар үчүн 3 жаңы самолет сатып алынат

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ички каттамдарды жүргүзгөн авиакомпаниялардын бирине үч жаңы самолет алып берүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу ЕӨБдүн басма сөз кызматы билдиргенин “Акчабар” агенттиги кабарлады.


Банктын жетечилиги бул долбоорду мамлекеттик транзиттик лизинг компаниясы аркылуу ишке ашыра турганын билдирген. Андан сырткары, ЕӨБ Кыргызстандагы сегиз аэропортту модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча сунушун берген.


«Учурда Кыргызстан үчүн авиапарктарды жаңылоо абдан керек. Жергиликтүү авикомпаниялардын учактары, тилекке каршы 10-20 жыл мурун чыгарылгандыктан, Кыргызстанга Евробиримдиктеги өлкөлөргө  учууга тыюу салынган. Эл аралык өнүгүү банкы тарабынан колдоого алынган авиакомпания аз гана киреше таба алчу. Анын базалык аэропорту борбордогу «Манас» аэропорт», — деп жазылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн