Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандагы имамдардын диний билими жогорулатылды

14.11.2022 08:51
412
Кыргызстандагы имамдардын диний билими жогорулатылды



13-ноябрь күнү «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» атындагы мечит-медресесинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу курсу жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 


Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган дин аалымдары жана белгилүү устаздар катышты. Жыйынтыктоочу сабакты Азирети Муфтий өзү өтүп, квалификациялык билимин жогорулатуудан өткөргөн имамдарга ийгиликтерди каалап,


«Илим алуунун эрте кечи жок. Ошондуктан дайыма окуңуздар. Мына, биз уюштурган 21 күндүк курсу өлкө аймагындагы миңдеген имамдардын арасынан сиздерге насип болду. Бул жерде чоң-чоң дамлалардан дарс алдыңыздар. Эми өз аймагыңыздарга барып, динибизге, элибизге жана мамлекетибизге ак жана сапаттуу кызмат кылууну улантыңыздар», – деп билдирди.  


Иш-чаранын жүрүшүндө программадан сырткары өткөрүлгөн китеп окуу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.   

Эскерте кетсек, имамдардын диний билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тажвид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу ж.б. боюнча тереңдетилген билим берилди. Аталган курска ар бир облустан имамдар келген жана мындай окутуулар пландуу түрдө жүргүзүлмөкчү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн