Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго Кытай, Россия жана Түркия кызыкдар

18.01.2023 14:27
204
Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго Кытай, Россия жана Түркия кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук тобунун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук тобуна КР президентинин администрациясы, министрликтер жана мамлекеттик ведомстволор кирди.


Инвестиция тармагындагы көйгөйлүү маселелерге жер, мамлекеттик органдар менен иш алып баруу, ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар жана инвестициялык конкурстардын өтүшү болууда.


“Ар бир инвестициялык долбоор үчүн кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчисинин түздөн-түз жоопкерчилигин киргизүү керек. Мына ошондо, аткаруу бийлигинин жетекчилери инвесторлордун маданиятын түшүнөт. Ошондой эле, инвесторлорду тартуу боюнча маселе жаралган болсо, аны чечүү жолдорун ачкан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл”, - деди Бакыт Төрөбаев.


Республика боюнча 105 инвестициялык долбоор бар. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлор негизинен Түркия Республикасынан, Кытай Эл Республикасынан жана Россия Федерациясынан келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн