Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүүгө кандай сунуш, ой-пикир айтат элеңиз?

28.11.2023 18:57
783
Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүүгө кандай сунуш, ой-пикир айтат элеңиз?


Жамалбек Ырсалиев, Бишкек жылуулук энерго коммуналдык ишканасынын директору:


- Кыргызстан туристтер агылып келе турган өлкө. Бизде болгону тейлөө жагы абдан начар. Кайсы жерибизге барбайлы, ажаткана маселеси чечилбей келет. “Бир жолу келген туристтердин эптеп акчасын алып калалы” деген түшүнүк калыптанып калган. Ошол бир келген турист аркасынан жүздөгөн туристтерди тартып келгендей шарт түзсөк сонун болмок. Анан тоо туризмин өнүктүрсөк. Мисалы, мен Нарындан болом. Биз тараптан Соң-Көлгө чыга турган Жон-Булак деген жерге лыжа базасын курса керемет болмок. Нары ашса Кыргоо, бери жагы Мейки менен Бак-Четин, Тешик деген керемет жерлер бар. Ошондой жерлерге туристтерге шарт түзүп берсек акчанын алдында калат элек…


Расул Умбеталиев: 


- Кышкы туризмге Кыргызстанда өтө чоң маани бериш керек жана аны өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Бизде Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанга караганда, бийик тоолор жана түбөлүк мөңгүлөр бар. Тоо лыжа туризмин, кышкы оюндардын түрүн жана альпинизмди өнүктүрсөк болмок.  Биз Кыргызстанды экинчи Куршавель кылышыбыз керек. Акыркы мезгилде зоо, аскаларга шейх жана өкмөт башчылардын атын коюп жатабыз. Ошолор кышкы туризмге, альпинизмге, спортко инвестиция салышса жакшы болмок. Министрлер кабинети да ички инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп бергенге милдеттүү. Анткени, кышкы тоо туризми жөнөкөй жарандарга арзан жана мүмкүнчүлүгү жеткидей болушу керек. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн