Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандагы кытай ишкерлери азык-түлүктөн кол кабыш кылды (фото)

16.04.2020 10:56
1091
Кыргызстандагы кытай ишкерлери азык-түлүктөн кол кабыш кылды (фото)


Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Аны кабыл алуу иш-чарасына КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргызстандагы Кытай элчилигинин кызматкерлери катышты. 

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна шекер жана 5 500 литр суу май алынган. Азык-түлүк муктаж жарандарга таратуу үчүн жардам штабына өткөрүп берилди.

Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытай жарандары буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн