Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандагы майнинг-ферма электр энергиясын сырттан алат, - министр

07.03.2024 15:28
228
Кыргызстандагы майнинг-ферма электр энергиясын сырттан алат, - министр


Кыргызстанда бир гана майнинг-ферма иштейт. Ага электр энергиясын Казакстан аркылуу россиялык "Интер РАО" энергетикалык компаниясы жеткирет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Ал Кыргызстанда Казакстандын Энергетика министрлиги менен электр энергиясын жеткирүү тууралуу келишими бар экенин, импорт Токтогул суу сактагычындагы сууну кармап туруу максатында жүргүзүлөрүн түшүндүрдү.

"Кыргызстандагы жалгыз майнинг-ферма электр энергиясын Казакстан аркылуу жеткирген россиялык "Интер РАО" энергетикалык компаниясынан алат", - деди Браев.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында министр электр энергиясын колдонуудагы убактылуу чектөөлөрдүн себеби Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтерин реконструкциялоо иштерине байланыштуу экенин айткан. Анда депутат Элвира Сурабалдиеванын эмне үчүн Кыргызстанда майнерлер иштейт деген суроосуна Ибраев аларда Казакстандын Энергетика министрлиги менен электр энергиясын жеткирүү жөнүндө келишими бар деп жооп берген.

Андан кийин Казакстандын Энергетика министрлиги 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын апрелине чейин Кыргызстанга 1500 кВт/саат электр энергиясы жеткириле турганын, бул көлөм кандай бөлүштүрүлөрү "Кыргызстандын энергетиктеринин ички иштери" деп билдирген.

Бүгүн Кыргызстандын энергетика министри бул маселени түшүндүрүп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн