Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:26
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Кыргызстандагы мектептерде канча предмет окутулары айтылды

15.10.2021 17:51
996
Кыргызстандагы мектептерде канча предмет окутулары айтылды

Кыргызстанда окутулуп жаткан мектеп предметтеринин саны 16дан ашпайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде даярдалуучу Базистик окуу планына ылайык, өлкөнүн мектептеринде 22 предмет гана (жалпысынан 1-класстан тартып 11-класска чейин) окутулат.


Ошол эле учурда, окуучулар 1-класстан 11-класска чейинки предметтердин баарын толугу менен окушпайт: предметтердин кээ бир бөлүгү 1-класстан 4-класска чейин, кээ бири 5 же 7-8-класстарда башталат.. Ошентип, бир параллелдеги окуучу бир мезгилде окуй турган предметтердин мүмкүн болгон максималдуу саны 16дан ашпайт.


Тактап айтканда:


– 1-класстан 4-класска чейин окуучулар 8 предметти;


– 5-класстан 9-класска чейин 16 предметти;


– 10-класстан 11-класска чейин 15 предметти окушат.


Эгерде 1-11-класстардагы бардык сабактардын суммасын орточо эсептеп, аларды параллелдердин санына бөлсөк, анда кыргызстандык окуучунун орточо сааттык жүктөмү 922 саатты түзөт, бул биздин мамлекеттин кош тилдүүлүгүн (негизги эки тилдин – мамлекеттик жана расмий тилдердин бар экенин) эске алганда, ашыкча жүктөм болуп саналбайт.


Ошондой эле Кыргызстанда өзбек, тажик жана дунган калкы үчүн эне тилин үйрөнүүгө көңүл бурулганын, ошону менен бирге өзбек жана тажик тилдери гана кошулбастан, боордош элдердин адабиятын окутуу дагы кошулганын эске алуу зарыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн