Кыргыз парламентине боло турган шайлоолорду алдын ала болжош кыйын. Бул туурасында россиялык Octagon Media басылмасы жазып чыкты.
Белоруссиядагы кырдаал дестабилдештирүүнү максат кылган Кыргызстандагы ички жана тышкы күчтөрдү кандайдыр активдүү аракеттерге түртүшү ыктымал-шайлоо кампаниясы адатта алар үчүн ыӊгайлуу себеп болуп келген. Белоруссиядагы окуялар (азыр да аягына чыга элек) Россия үчүн да олуттуу көйгөй жаратты. Демек мындай жагдай-шарттар постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге каршы турган күчтөргө кошумча стимул болуп калышы мүмкүн.
Кыргызстандагы шайлоолордун үч өзгөчөлүгү
Интеграциялык долбоорлорго кыйла тыгыз аралашкан өлкөлөрдө стабилдүүлүгүн бузган окуялардын кандайдыр тутумдашкан очогун жаратуу, сырт жактагы ар түркүн жакшылык кылгысы келбегендер үчүн абдан пайдалуу болмок. Андыктан, алардын активдүүлүгүнүн жогорулашы Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалга түздөн-түз тиешеси болбой, кыйла салмактуу геосаясий эсептешүүнүн себеби болуп калышы да мүмкүн.
Жөнөкөйлөтүп айтканда, шайлоолордогу реалдуу кырдаалга жана чыгымдарга карабастан, тышкы күчтөр стабилдүүлүктү бузууга болгон күч-аракетин жумшашы ыктымал.
Башка өзгөчөлүгү: Кыргызстандагы шайлоолор коронавирус пандемиясынын шартында өтөт. Демек ал кыргыз коомчулугу үчүн да жана партиялар үчүн да мурда көнүмүш болбогон үгүт жүргүзүү формасын кабыл алууга аргасыз кылат. Биринчи кезекте талапкерлер шайлоочулар менен көп эл чогулган стадиондордо жолугушуу өткөрүүдөн баш тартат. Демек, саясий күрөш шаарлардын көчөлөрүнө илинген рекламалык көрнөктөр жана албетте,Массалык маалымат каражаттары жана интернет аркылуу жүрөт.
Ошондой эле жыйынтыгында шайлоочулардын санынын көбөйгөнү ачык көрүнөт-пандемиянын айынан көпчүлүк мигранттар үйлөрүнө кайтып келишти жана алар беш жыл мурдагыга караганда шайлоо алдындагы процесстерге кыйла активдүү катышышат.
Башкасын айтпаганда да, вирус, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле кыргыз экономикасына кыйла олуттуу залал келтирди жана ал коомчулуктун маанайына да таасир этпей койгон жок. Мисалга, ошол эле Белоруссиядагы кризис, пандемиянын айынан жаралган обьективдүү экономикалык көйгөйлөр менен ого бетер тереӊдеп жатканы шексиз.
Ал эми үчүнчүсү, Кыргызстанда идеологиялык же кандайдыр башка баалуулуктарга негизденген толук кандуу партиялык саясий система болгон эмес жана азыр да жок.Айткандай эле, бул бардык постсоветтик респбуликаларга ар кандай деӊгээлде мүнөздүү көрүнүш.Же андан да кеӊирирээк карай турган болсок, шарттуу түрдө «батышчыл эмес» көпчүлүк өлкөлөргө таандык. Идеологиялык көз караштардын бүдөмүктүгү, ал турсун салттуу түрдө «солчулдар-центристтер-оӊчулдар» делип келген схеманын мекени Батышта да орун алган.
Бул жаманбы же, жакшыбы деп талашууга да болот. Ачыгын айтканда, дүйнөдө бардыгы эле саясат таануу боюнча батыштын окуу куралдарында жазылгандай кана болушу керек деп ким айтат? Дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө маӊызында сырттан таӊууланган ушундай система болгон да.
Бирок, факт факт боюнча калат: Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көпчүлүк партиялар ачыгын айтканда идеялардын дефицитине туш болуп, шайлоочуларды эмне менен кызыктырарын билбейт.
Парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялардын саны 40тан ашты. Азыркы күнгө чейин алардын көпчүлүгү, БШКнын эрежелерине ылайык 20-августка чейин уюштурууга милдеттүү болгон съезддерин деле өткөрө элек. Көпчүлүк партиялардын программаларын, идеологиясын, максаттарын деле эч ким билбейт. Ошондон улам: идеологиясы бар партиялар барбы же, мурдагы жылдардагыдай эле парламентке идеялык платформасы жок, алдуу-күчтүү адамдардын айрым бир топторунун кызыкычылыгын жетекчиликке алгандар өтүп келишеби?
Саясий атаандаштык жок
Кыргыз партияларында идеологиянын дефицити бар экенин жергиликтүү эксперттер деле айтып жатышат. Саясат таануучу, Кыргыз кеӊешинин мүчөсү Эдил Осмонбетов кыргыз партияларында саясий туруктуулуктун жана имидждин жоктугун белгилейт. Анын пикирине караганда мамлекеттин көз карандысыздыгынын 30 жылында кыргыз коомчулугу партияларды идеологиялык багыттары боюнча бөлүп карай албайт.
«Бардыгы-оӊчулдар, солчулдар жана центристтер-бардыгы эле бардык топторго кирип алышып, өз ара келишип алып иштеп жаткандай ой калтырат. Ошондуктан парламентте саясий атаандаштык дээрлик жок», - дейт эксперт.
Кыргыз шайлоосунун дагы бир өзгөчөлүгү бардык мүмкүн болгон союздар жана саясий бирикмелердин ажырашы. Мисалы «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясына (лидери - Адахан Мадумаров 2017-жылы президенттик шайлоолордо талапкер болгон) «ЭрК», «Эгемен Кыргызстан», «СССР», «Ак калпак», «Улуу көч», «Бүткүл жаштар» Кыргызстан коммунисттери партиясынын лидерлери кошулган. «Мекеним Кыргызстан» (аны парламенттин азыркы вице-спикери Мирлан Бакиров жетектейт) жана 2010-жылы түзүлгөн «Ата-Журт» партиялары дагы кошулду. Бул дал ушул шайлоолордо түзүлгөн ондогон союздардын айрымдары кана. Ал эми коомчулукка шайлоого катышып жаткан партиялардын кандай ой-максаттары бар экендиги такыр түшүнүксүз.
Партиялардын идеологиясы жок экендигин эске алганда орун үчүн мурдагы союздаштардын тирешүүсүн пайда кылып, шайлоолордон кийин парламентте квоталар менен бардык мүмкүн болгон «бонустар» чыгып, акыр аягында адегенде бир саясатчы менен бир партияга добуш берип, жыйынтыгында такыр башка нерсени колуна алган элдин нааразылыгын пайда кылат.
«Евразия» стратегиялык демилгелер агенттигинин президенти Алибек Мукамбаевдин пикирине караганда талапкерлерди көрсөтүү сыяктуу эле партиялар ортосундагы бардык эле альянстар парламентке кантип өтөт деген ыӊгайда кана каралышы керек.
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы көпчүлүк коалициянын өзөгүн түзүп турган учурда анын лидери келишкис оппозицияда калып отурган фактнын өзү эле өлкөдө партиялык маданияттын жок экендигин айтып турат,ал эми партияны кардарчылык катары бааласа болот», - деп айтты ал массалык маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюларынын биринде.
Алыдагы шайлоолордо жаӊы партиялар кошумча интригаларды жаратат. Алардын пайда болушу менен Кыргызстанда шайлоочуларда ошолордун бири мурдатан келаткан оппоненттеринен айрымаланып кандайдыр бир идеологиялык платформа алып чыгат деген үмүт пайда кылышы мүмкүн.
«Биримдик» партиясында (анын курамында парламенттеги орун үчүн СДПКнын мүчөлөрү да күрөшүп жатат) Кыргызстан демократиялык социализм жана евразиялык өнүгүү жолуна багыт алат деген көзүр-идеясы бар өӊдөнүп калды. Мындай идеология жергиликтүү шайлоочулардын, айрыкча евразия мейкиндигин өз алдынча өздөштүрүүдөн чарчаган эмгек мигранттарынын жүрөгүнөн түнөк табарын четке кагууга болбойт. Деген менен «Биримдик» партиясынын оппоненттери аракеттеги бийлик менен бекем байланыштырып жатат. Жыйынтыгында ал «евразиячылардын» пайдасына чечилбей калышы мүмкүн.
Дагы көп нерсе жергиликтүү мастодонттордун парламенттеги орун үчүн жарышта кандай алып жүргөнүнө да байланыштуу болот: «Ата-Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Ар-Намыс», «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан» жана башка бир нече жолу шайлоочулардын добушуна ээ болгон партиялар.
Алар партиялар аралык трасфердин тапталып бүткөн жолу менен барабы же өз шайлоочуларына өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз көз караштарын сунуштап тобокелчиликке барабы?
Деген менен алар деле идеология чөйрөсүндө так позициялары менен айрымаланган эмес. Маӊызына караганда алар жле бир лидерге байланган партия же тигил же бул кландын кызыкчылыктарынын саясий жасалгаланышы.
Россия үчүн эӊ эле маанилүү эки маселе бар. Тактикалык жагынан-акыркы жылдары биз билген эки «революцияны» баштан кечирген Кыргызстан, анын ичинде Белоруссиядагы окуялардын фонунда, шайлоолорду тынч өткөрө алабы? Стратегиялык жагынан-акыр түбү бул өлкөдө Россияга толук көз каранды, учурга жараша эле эмес, постсоветтик мейкиндиктеги интеграцияны аӊ-сезимдүү колдоого алган партия пайда болобу?
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн