Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстандан Иранга эт, төө буурчак экспорттоо талкууланды

27.05.2022 18:06
1235
Кыргызстандан Иранга эт, төө буурчак экспорттоо талкууланды

26-майда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков ал өлкөнүн тышкы иштер министринин экономикалык дипломатия боюнча орун басары Мехди Сафари менен жолугушту.


ТИМден кабарлашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташуунун динамикасын, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты, сооданын көлөмүн көбөйтүү жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн болгон потенциалды жана иштеп жаткан механизмдерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти.


Кыргызстандын экспорттук продукциясын Иран рыногуна жылдыруу максатында элчи Сыдыков Кыргызстандан Иранга айыл чарба продукциясын, анын ичинде этти, төө буурчакты, пахта буласын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.


Тараптар ошондой эле 2022-жылы Бишкекте биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынын өткөрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн