Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстандан Махатхир Мохамад чыгабы?

17.11.2020 13:53
623
Кыргызстандан Махатхир Мохамад чыгабы?

5-6-октябрдагы төңкөрүштүн арты менен абактан чыккан Садыр Жапаров 14-октябрда үчүнчү жолку аракет менен Жогорку Кеңештин отурумунда премьер-министрлик кызматка бекитилип, 15-октябрда президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарын да колго алган. Ошентип анын колунда эки тизгин, бир чылбыр бирдей болуп, төңкөрүштөн кийинки кырдаалдан пайдаланып, чукул өзгөрүүлөрдү жасап жибергенге кеңири мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок, анын бир айга созулган президенттик жана премьер-министрлик ишмердүүлүгү эл күткөндөй натыйжа бере албады. 


Абактан жаңы чыкканда С. Жапаров: «Райым Матраимов камалат. «Кумтөр» Кыргызстанга иштейт» деп өтө ишенимдүү убада берген. Бирок, жыйынтыгында Райым Матраимов кармалары менен кайра боштондукка чыгарылды. Аны эркиндикке чыгарууга Садыр мырза өзү кызыкдар болгонун да жашырган жок. «Биз коррупционерлерди камап отура бергенден пайда таппайбыз. Аларды мамлекеттин эсебинен бага беребиз. Андан көрө аларды кустуруш керек. Матраимов өзүнүн мыйзамсыз иштерин моюнга алып, мамлекетке 2 миллиард сом төлөп берем деди», - деп билдирди бул тууралуу С. Жапаров. 2 миллиард сом АКШ долларына оодарганда 25 миллиондун тегерегинде каражат болот экен. Элдин күткөнү мындай сумма эмес эле. Бери эле дегенде «Азаттык» иликтеген 700 миллион долларды кайтарат деп күткөн. 


Бүгүн күнгө чейин Р. Матраимов өзү убада кылган 2 миллиард сомдун болгону 400 миллиондон ашуунун мамлекетке которгону белгилүү болду. Калганы качан төлөнөрү белгисиз. 2 миллиард сом төлөнгөнгө чейин Садыр мырза президенттик шайлоого катышаарын билдирип, өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп кетип калды. Андан башка дагы кайсыл коррупционерлерден канча акча мамлекеттин эсебине түшкөнү белгисиз. Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп эле олигархтарга айлангандардын айрымдары Садыр Жапаровдун командасында болуп калганы да элдин эмитеден нааразычылыгынын жаралышына түрткү болууда. Мисалы, Акылбек Жапаров аттуу депутатты ал адегенде өзүнө коомдук башталгычтагы кеңешчи кылып дайындап алып, анан кайра 3 күн издеп таппай койгонун айтып кетирди. Ал эми дагы бир олигарх Ө. Бабанов анын пайдасы үчүн президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады. Ага С. Жапаров ыраазычылыгын билдирди. Демек, Жапаров бийликке келсе, Бабановдун кылы да кыйшайбайт дегендик. Мындай соодашалуулардын арты менен бийликке келе турган болсо, анда С. Жапаров деле президенттик тактыга колу-буту тушалуу болуп отура турганынан күмөн жок болуп калды. 


Ушундан улам аргасыз 2018-жылы Малайзиянын бийлик башына келген 94 жаштагы Махатхир Мохамад эске келет. 1981-жылдан 2003-жылга чейин Малайзиянын премьер-министри болгон Мохамад арадан 15 жыл өткөндөн кийин бийликке кайтып клеген. Келери менен ал ага чейин премьер-министр болгон, өзү убагында катуу колдоп бийликке алып келген Наджиб Разактын убагындагы коррупциялык ири иш-аракеттерди ачыкка алып чыккан. Бир эле мисал Наджиб Разак өзү түзгөн 1MDB мамлекеттик фонду тарабынан пайдаланылган 4,5 миллиард АКШ долларынын максатсыз пайдаланылганы. Разактын үйүн тинтүүгө алганда 70 мүшөк толтура накталай акчалар жана өтө көп көлөмдө баалуу буюмдар табылган. Ошондой эле уурдалган акчаларга Разак яхта, искусство чыгармаларын сатып алганы жана голливуд фильмдерин каржылаганы да айтылган. Акыры ал 12 жылга эркинен ажыратылып, ошону менен катар мамлекетке 42 миллион евро айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Мунун баары Мохамад бийликке келгенден кийинки бир ай убакыт ичинде жасалган болчу. 


Ал эми С. Жапаров Р. Матраимовдон бар болгону 400 миллион сом өндүрүүгө гана жетишип, ыйгарым укуктарын өткөрүп берди. Элдин күткөнү ушул беле? Анда төңкөрүш эмнеге жасалды? Эмнеге Ак үй талкаланды? Азыр ошол талкаланган мүлктөрдү калыбына келтирүү үчүн эле Райым Матраимовдон алынган 400 миллион толугу менен кеткени жатпайбы.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тап
Махатхир чыкпайт.Мадумаровдой принциптен кайтпаган,соодалашпаган саясий интеллекти бийик инсан гана алып чыгат олкону тунгуюктан