Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстандан Пакистан менен Бангладештин 64 жараны депортацияланат

15.04.2024 13:36
212
Кыргызстандан Пакистан менен Бангладештин 64 жараны депортацияланат


Бишкекте Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан мааалымдашты.

Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет элдик жарандар аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар кандай убактылуу жашаган жерлеринде Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар аныкталып, алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүнүн тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөйү болуп жатканы аныкталды.

Мындан улам, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн