Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандан Сирияга бара жаткан террористтик уюмдун жалданмачысы кармалды

22.10.2020 10:41
433
Кыргызстандан Сирияга бара жаткан террористтик уюмдун жалданмачысы кармалды


УКМК тарабынан улантылып жаткан котртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 20-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаранын тергөө амалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган (Жалданмачылыкка аракет кылуу) кылмыш белгилери боюнча КР жараны М.М. кармалды.


"Кармалган М.М. мурда жихадисттик идеологияга тартылып, транзиттик жол менен Кыргызстандан Сирияга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн. Өз учурунда көрсөтүлгөн иш-чаранын натыйжасында, жалданмачы адам Сирияга бараткан жолдо кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын  киргизилген. Азыркы учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн