Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн боз үйлөрдө окуучуларга сабак өтүлүп жатат

13.03.2023 16:37
474
Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн боз үйлөрдө окуучуларга сабак өтүлүп жатат

Түркияга Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө окуучуларга сабак өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасында жарыялады.


«Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чеккен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик. Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бул шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат.


120дан ашуун боз үйлөр мына ушул жерге тигилген. Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичинекей экен. “Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди. Сиздерге ыраазыбыз!” деп жооп беришти түрк туугандар.


Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт. Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар», — деп жазылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн