Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстандан буудайды экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү пландаштырылууда

22.08.2022 12:24
483
Кыргызстандан буудайды экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү пландаштырылууда


Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну пландоодо.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, “КР Министрлер кабинети жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Айыл чарба министирлиги Кыргызстандан сунушталган тизмеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле КР Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) «Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууга долбоорду кароого киргизүүдө.


Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарууга (экспорт) убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси:


Товардын аталышы

Буудай жана меслин 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн